Ау, барсыңарбы?
Айыл чарба министрлиги!
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция!
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү!
Нарын районунун акими!
Солтон-Сарыда элдин малы кырылууда. Себебин эч ким билбейт. Малчылар кытайлар уу заттарды сууга төгүп, аны ичкен мал кырылууда деп божомол кылышууда.
Элдин чыдамы жетчү жерине жетип, жарылайын деп калды.
Кыймылдабасаңар, мыйзамдуулукту, азык түлүк коопсуздугун, өлкө коопсуздугун камсыздай албасаңыздар, жергиликтүү эл сөздөн ишке өтүүгө аргасыз болот.