Геморройду толук айыктырса болот
Геморрой - бул көтөн чучуктун чыга беришиндеги кан тамырлардын кеңейип кетүүсүнөн келип чыккан илдет. Бул ооруну адамдар илгерки Гиппократтын убагында, тагыраак айтканда б.э.ч. I - II- кылымдарда эле билишкен. Геморрой деген сөз гректин сөзүнөн алганда "Гемморагия" - кан агуу дегенди билдирет. Азыркы медицинада бул оорунун кайсыл даражасын кандай жолдор менен дарылоо керектиги толугу менен изилденген жана аны толугу менен айыктырса болот.
Геморройдун белгилери
Көпчүлүк убакта пайда болгону билинбей калат. Адатта геморройду чоң заарага барып, көчүгүнөн кан агып баштаганда байкашат. Кээ бир убактарда ачышкан-кычышкан сыяктуу белгилерден байкалат. Бирок, көбү