БАГЫНДЫМ САГА 45 ЖАШ
Кыйланын гүлүн үзгөндөй,
Кызарып баткан күнүмдөй.
Кырдан чыктың 45 жаш,
Кымыздыктын гүлүндөй.
45 жаш менден жашынып,
Келдиң сен суудай ашынып.
Таптырбай жаштык мезгилин,
Кетсем дейм сенден адашып.
Багындым сага 45 жаш,
Көзүмө толду туздуу жаш.
Көөшүлүп барат көздөрүм,
Көлүмдүн кечи өңдөнүп.
Колтуктап курак мени менен,
Бердиң сен мага жол кенен.
Артымды карап кылчактап,
Баратам узап сени менен!
Алтын Турсунова
21-март 2024-жыл
Каракол шаары