Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда,
Ойго баттың, доорумда, заманымда.
Неге анда асманды карап жүрөм,
Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда деп акындардын ырларында айтылгандай борбор шаарыбызда эмгектенген Көк-Жаңгактык мырзаларыбыз Бишкекте жашаган энелерибиздин,апаларыбыздын таманынан бейиш издеп майрамы менен куттуктап өздөрүнүн гүл дестелерин,ыр белектерин арнашты.Түн уйкусун кечип уул-кыз баккан аларды элдин уулу кылып тарбиялаган ардактуу асыл энелер жигиттердин бул сыйына төбөлөрү көккө жетип,ушундай уулдары менен сыймыктанып,жан дүйнөлөрү козголуп, көздөрүнө бактылуулуктун жашын алышты.Аларга ак батасын берип,жагымдуу,жылуу сөздөрү менен алкашты.Алга зоболосу бийик шаарым Көк-Жаңгак.