Бир күнү кечинде бир аял жумуштагы оор күндөн кийин кечки тамакты бышырды. Ал күйөөсүнүн алдына тамак койду - бир кесе шорпо жана күйгөн самсы. Жеңил күйгөн жок, бирок толугу менен карарып кеткен эле. Ал киши өзүнүн самсысын жеп, карап турган уулунан үй тапшырмасын аткаргандыгын жана анын күнү кандай өткөнүн сурады. Кечки тамактан кийин аялы күйгөн самсы үчүн күйөөсүнөн кечирим сурады, бирок ал:
- Жаным, мен күйгөн самсыны жакшы көрөм деди...
Кийинчерээк уулу атасына жакшы жатыныз деп барганда, бала күйгөн самсы чын эле жактыбы деп сурады!? Атасы уулунун ийнине колун койду да: - Апаң бүгүн жумушта эртеден кечке иштеди, күнү оор болду, аябай чарчады. Мындан тышкары, күйгөн самсы эч качан эч