АТА ДЕГЕН УШУНДАЙ...
Бала 16 жашка чыкканда атасы менен урушуп үйүнөн чыгып кеткен. Буга ачууланган атасы: "Мындан кийин бул үйдө анын аты да аталбасын!"-деп тыюу салды. Апа байкуш күнүгө баласынын төшөгүнө барып, жаздыгын жыттап уктап жүрдү.
Бир күнү: "Баламды сагындым. Жүрү барып издейли."-десе да күйөөсү айтканынан кайткан жок.
Арадан эки жыл убакыт өттү.
Бул жылы баласынын туулган күнү менен аталар күнү бир күнгө туш келип калган эле.
Байкуш апанын көз жашына чыдабаган ата: "Мына бул дарекке барып балаңды көр."-деп бир кагаз берди. "Даректи менден алганыңды айтпа."- деп аркасынан көп нерселерди айтты. Бирок сүйүнгөн апа даректен башка эч нерсе деле уккан жок. Дароо даярданып жолго кою