БАР БОЛГУН ДААЙЫМ АЯЛ ЗАТ
Дүйнөнү көрккө бөлөгөн,
Сулуусу өзүң аял зат.
Өмүргө өмүр улаган,
Өзөгү сенсиң аял зат.
Мээримин төгүп бал кошкон,
Асылы сенсиң аял зат.
Балага апа, эрге жар,
Үй бүлө куту аял зат.
Ажарын төгүп жаз келсе,
Кулпуруп турган аял зат.
Ашыктык сезим козголсо.
Сүйүүсү болгон аял зат.
Чүрпөсүн багып таң эрте,
Түйшүктө жүргөн аял зат.
Акылын калчап ой бөлгөн.
Өмүргө шерик аял зат.
Мээнетин тартып жашоодо,
Үй бүлө курган аял зат.
Баласы үчүн жан берген,
Мээрими күчтүү аял зат.
Сөз таппай келем чынында,
Мактоого теңсиң аял зат.
Майрамың менен куттуктайм,
Бар болгун даайым аял зат.
Эртеңки 8-март майрамыңар менен биз сыйлаган асыл заада айрымдар.
Шермамат Эрмекбаев.