Сени жоготкон көктөм жаз....
Сени жоготкон ошол күн...
Сени жоготкон жазгы нөшөр...
Арадан он бир жыл өтүп,жоктугуңа аргасыз ынанып,артыңда калган аманаттарың үчүн жанымды үрөп,жоктугуңду билгизбөөгө аракет кылып,белимди бекем бууп келаткан болсом,азыр ындыным өчүп ,
каңырыгым түтөп,кайратымдан тайгандай алсызмын.
Сени жоготкон күндөгүдөй нөшөр менен бирге ,көкүрөк бүрккөн күйүтүм күн бербей бышактатты.
Эмне деген ажайып арзууларыбыз бар эле...
Кетээриңди билгенде,башкача жол тутпайт белек,тытынып жүрүп тапкан дүйнөбүздү өзүбүз үчүн чачпайт белек,саякаттап жер кезбейт белек,акыркы мүнөтүңө чейин жаныңда турбайт белем,,жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү сөздөрдү айтып калбай не болдум...
Сага айта турга