Бир эр жигит, эркелетсе жубайын.
Ага канча, сооп жазат Кудайым.
Бирин - бири эркелеткен жубайлар.
Кубанычта жүрө берсин ылайым.
Бир эр жигит, капа кылса жубайын.
Ага канча, күнөө жазат Кудайым.
Бир - бирине мерез болгон жубайлар.
Бул дүйнөдө жалаң табат убайым.
Бир жигит бар, абдан сүйөт аялын.
Нак жашоодон алынды бул баяным.
Мамилеси өтө жумшак, ошондон.
Байкап коём, аялыны айаарын.
Бир жигит бар, сыйлабаган жубайын.
Көрсөткөнү жалаң гана убайым.
Бирок ал да, айдай кызы бирөөнүн.
Ага дагы чара көрөт Кудайым.
Бактылуу бир, адамдардан сыр сурап.
Ошол сырдан, анан салдым ыр курап.
Бактылуулук сыры эмне деп сурасам.
Бир ооздон жооп берди, ЫНТЫМАК.