КЕРЕМЕТ КҮНДӨР
КРнын "Кыргыз акын-жазуучулары" коомдук фондунун 9-июлда башталган чыгармачылык иш сапары Жалал-Абад облустунун Базар -Коргон шаарчасынан башталып, дүйнөгө атагы чыккан Арстанбап тоосуна, ыйык Шаркыратмасына чейин барып, иш сапарыбыз 12-июлда аяктады.
10-июль күнү Базар - Коргондук өзбек акын-жазуучу, котормочу, бир нече китептердин автору, 40 жылга жакын гезитте редактор болуп иштеп келген Абдумажидов Мойдинжан аганын 80 жылдык юбилейи жана чыгармачылык кечеси, өзбек-кыргыз-казак достугун бекемдөөгө уюштурулган жолугушуу аземи болуп өттү. Абдумажидов Мойдинжан
"Кыргыз акын - жазуучулары" коомдук фондунун мүчөсү жана фонддун Өзбекстан боюнча комиссиясынын мүчөсү.
Кечеге Ба