ЫР БАРЫНДА
(Экспромт)
Айтпай келсең үйүм болот чачылуу,
Антсе дагы сүйүүм сага катылуу.
Эркимди жай койбогон ыр барында,
Эшигим да сага дайым ачылуу.
Ырларымды жазып жүргөн кат дегин,
Ыйманы ысык сөздөрүмө сап дегин.
Жол кароодон тажабаймын сен келер,
Жаман кыял, саман ойдон жат дегин.
Эгер болуп калсаң барбы жанымда,
Эрте менен бирге ойгонуп таңымда.
Өнмөк жашыл жаштык аттуу жалбырак,
Сүйүү издеп куурап калган шагымда.
Асманымда Ай, Күнүмдөй көрүнүп,
Нурларындай турса сүйүүң төгүлүп.
Бактылуулук берген багым гүлдөмөк,
Жашоонун бул жыргалына өрүлүп.
Сен бар үчүн ырга айланат сөздөрүм,
Суук сөзүнө маани бербей өзгөнүн.
Арман кыла жата бербей бир жайда,
Алдыга мен агылууну көздөдүм.
Ай
КЕЛЕ КОЙ
Өттү күндөр, өттү сенден кат келбей,
Өкүнгөнүм мен күткөндөй бат келбей.
Өмүрүмдү келет сага арнагым,
Өтсө экен күтүү деген тап бербей.
Күткүм келбей күн узатып бекер мен,
Күндөрүмдү бирге өткөргүм келет тең.
Кат жазуудан эгер сүйүүм эринсең,
Күлө карап келе калсаң экен сен.
Күн батканда Ай чыгышын күтөмүн,
Ай батканда Күн чыгышын күтөмүн.
Качанга че арзуу-күтүү дегенге
Чыдап келем, түтөмүн ай түтөмүн?!.
Күттүрбөй же койсоң эмне сагынтып,
Токтой койсо эмне убак дагын тык.
Өтүп жатат зарыктырып сага миң,
А көрө жүр мени өзүңө багынтып.
Сүйүү тура тартылган тор, желе ой,
Сыздагандан арылсын де дене-бой.
Жоготууга кабылбасын өмүрлөр,
Жолугууга сүйүнтүп сен келек кой.
Өттү күндөр,
ЖАШ БОЙДОНБУЗ
Ыза деген чыга түшөт төгүнгө,
Ыр саптарын жазсам сүйүү жөнүндө.
Айжамалың жарк дейт Күндөй нур төгүп,
Асманымдын булуту жок көгүндө.
Булбул таңшып жаткан сыңар таңымда,
Бакыт күлүп турган болот жанымда.
Жаштыгыма кайрылгандай боломун,
Жакшы сөздөр айлангандай канымда.
Ойдун чеби урабасын, урасын,
Оюң мага билем сен да бурасың.
Кычыраган кыш мезгили болсо да,
Жыпар жытың гүлдөй чачып турасың.
Мен десең сен чыгам Күндү айланып,
Сен десем мен жетем Айга жай барып.
Жаш бойдонбуз, жүргөн кезде жүрөккө,
Сүйүү деген сезимди биз жайгарып.
Ыза күчү чыга түшөт төгүнгө,
Ыр саптарын жазсам сүйүү жөнүндө.
Айжамалың жарк дейт Күндөй нурданып,
Асманымдын булуту жок көгүндө.
Автор: Бакыт