Унут дедин, макул дедим унуттум.
Калсам дагы арасында күйүттүн.
Күйгөнүмдө көлөкөгө жашырган.
Азыр эми сүйгөнүмүн булуттун.
Унут дедин, көнүп бердим аныңа.
Алоолондум кызыл чокко малына.
Алоомду нөшөр болуп өчүргөн.
Азыр эми жамгыр жакын жаныма.
Жүрөктүкү кыйын экен баарынан.
Коркуп калып сүйүү десе жашынам.
Азыр эми бирөө менен таанышсам.
Тааныша элек унутууга шашылам.
Өлүп калса жаман экен ишеним.
Баары андай эмесин да билемин.
Эч бир адам, эч адамды алдабай.
Бут адамдар чынчыл болсо тилегим.
Таирбек Ерматов