40 жаш...
Кичинемден бир үй-бүлөнүн тун уулу, чоң ата-апамдын эрке, кенже небереси, таята-таенемдин мээримине бөлөнүп чоңойдум..
Жараткан балага берген бакыттын бардыгына балкып чоңойдум..
Мектепте, жогорку окуу жайда эч нерседен кем болбой окудум, билим алдым..
Окууну аяктаган соң мамлекеттин бардык тармактарында (Акыйкатчы, УКМК, Өкмөттүн Аппараты, ТИМ, Жапонияда элчиликте, Айыл өкмөт башчысы, Президенттин Аппараты) тажырыйба топтодум..
Саясаттын эң чордонунда жүргөн атанын уулумун.. Саясий окуяларда жакындан аралашып, саясий күрөштөргө катыштым...
40 жыл мындай жашоону насип эткен Аллахка шүгүр.
Опол тоодой эмгеги үчүн атама, апама өмүр бою кызмат кылсам дагы актабасмын. Кайратыма кайра
Элет өнүксө мамлекет өнүгөт.
Элетке көңүл буруу мамлекеттин, элдин алгачкы мамелеси болушу керек.
Жогорку Кеңештин шайлоосуна караганда жергиликтүү кеңештин шайлоосу өтө маанилүү.
Мамлекеттин эртеңин бир эле Президентке жүктөй бербей, ар-бирибиз аракетке өтөлү. Мамлекет жалпы элдики.
Мыкты, билимдүү, жигердүү жаштарды айылыңыздарга назарыңарды бурууну кеңеш берет элем. Чет жерден, борбордон ырыскы издебестен, айылыбыздан дагы чакан ишкердикти көтөрсөк болот. Чакан ишкердик - элибиздин жашоо деңгээлин көтөрөт. Бай эл - бай мамлекет. Күчтүү эл - күчтүү мамлекет.