Билесиңби мен сени кандай сүйдүм,
Сүйүүм үчүн азапка баттым, күйдүм.
Колдоруңду коё берип түбөлүккө,
Ичтен сызып, аргасыз сырттан күлдүм.
-
Ызаландым, кызгандым, дагы сүйдүм,
Сенден кеттим, а бирок сен деп жүрдүм
Көргөн кезде буулугуп ыйлап алдым,
Жанынан өткөн кезде бакыт үйдүн...
-
Болушунча талкалап тилектерди,
Үнүн укпай кыйнадым жүрөктөрдү.
Сагынып келбейин деп мындан ары,
Өчүрөм чогу түшкөн сүрөттөрдү.
-