Заб 36:7-11: "Теңирди унчукпай күт, Андан үмүттөн. Өз жолунда ийгиликке жеткен, арам ойлорун ишке ашырган адамга атаандашпа. Ачууңду токтот, кыжырланба. Жамандык кылганга чейин барбаш үчүн, атаандашпа. Анткени жамандык кылгандар кырылышат, ал эми Теңирден үмүттөнгөндөр жерди мураска алышат. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кудайсыз жок болот, анын ордун карап, таппай каласың. Ал эми момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат."