Мен Энемин,сен да мендей Энесиң,
Оор турмушту мээрим менен жеңесин.
Канча тоскоол болсо дагы жашооңдо,
Балаң үчүн жашап,иштеп келесиң.
Балким сен бир жакшы адамдын жарысың,
Үй бүлөңдүн күйүп турган шамысың.
Же болбосо арсыз жанга кор болгон,
Ошондо да бийик турган намысың.
Биз Энебиз адам баткан ичине,
Мээрим менен назиктиктен куралган.
Эне барда жарык болуп үй ичи,
Коломтонун оту өчпөй уланган.
Биз Энебиз ысык суукка чыдаган,
Жоктон бар таап турмуш жолун улаган.
Төшөк тартып,ооруп жатып калса да,
Амандыгын уул кызынын сураган.
Кандай болбо жашоо кайда бурбасын,
Мейли тагдыр азап берип кыйнасын.
Гүлдөй болуп кулпуралы айымдар,