ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ
* Урматтуу замандаштар! Сиздерге жасаган жумуштарымдын артынан жетишкен соңку ийгиликтерди бөлүшүп коюуну ылайык көрдүм.
* 2022-жылдын 30-ноябрында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максүтов Алтынбек Аскарович мени Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын көркөм жетекчиси кызматына дайындаган. Албетте, театрда иштеп жүрүп эле филармониянын чыгармачылык иштерин тартып кетүү оңойго турган жок. Экөө бир тармак болгону менен эки башка дүйнө. Эгерде каалоо күч болсо бүт нерсенин өтөөсүнө чыгууга мүмкүн экенине көзүм жетти.
* Жыл ичинде филармониянын чыгармачылык саясатын жүргүзүү менен катар - Президентибиз, Министрибиз, Облус же