Небереси чоң атасына суроо берди:
— Ата, азыркы күндө кул барбы?
Акылман карыя терең ойго кетти. Бир оокумда буларды баян этти:
— Оо илгери болгон, бирок Кыргыз кулду да калкалап келген.
* Азыр арабызда кул өңдөнгөндөр жок эмес. Чаң жукпаган мебель, алтын жалаган идиш аяк, миң кулпурган килем-килче үйүнө жык толгон. Ал үйдөн кагаз аттууну көрүүгө зар болосуң. Бул адамды өлүү дүйнөнүн кулу дейт.
* Ал эми өз ар намыс, тамагын тыя албай кайыр сурап, анысын ичимдике короткон көк тумшуктарды кызыл кекиртектин кулу дейбиз.
* Эки кишинин ортосуна чагым салып, айылга бүлүк түшүргөндөрдү кызыл тилдин кулу делет. Булардын көөдөнү көрдөн караңгы, тили заар келет.
* Мансабына чиренип жүргөндөр бар бийликтин кулу болуп.
* Убадага турбаган бар, эки жүздүүлүктүн кулу болуп.
* Эң жаманы - намысын жоготуп бөтөн элге жүгүнүп жүргөн кулдар бар, каада салтын сактабаган.
Кумар Кыпчак А.С
"Нуска сөздөр, асыл ойлор"
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев