КУЛДАР БАРБЫ?...
Небереси чоң атасына суроо берди:
— Ата, азыркы күндө кул барбы?
Акылман карыя терең ойго кетти. Бир оокумда буларды баян этти:
— Оо илгери болгон, бирок Кыргыз кулду да калкалап келген.
* Азыр арабызда кул өңдөнгөндөр жок эмес. Чаң жукпаган мебель, алтын жалаган идиш аяк, миң кулпурган килем-килче үйүнө жык толгон. Ал үйдөн кагаз аттууну көрүүгө зар болосуң. Бул адамды өлүү дүйнөнүн кулу дейт.
* Ал эми өз ар намыс, тамагын тыя албай кайыр сурап, анысын ичимдике короткон көк тумшуктарды кызыл кекиртектин кулу дейбиз.
* Эки кишинин ортосуна чагым салып, айылга бүлүк түшүргөндөрдү кызыл тилдин кулу делет. Булардын көөдөнү көрдөн караңгы, тили заар келет.
* Мансабына чирени
ООРУНУ БАСУУЧУ АЗЫКТАР.
ЧИЛИ КАЛЕМПИРИ
Калемпирдин спирттеги ачытмасы бел жана муун ооруларында ооруну басаңдатуу үчүн колдонулат.
КАРА ШОКОЛАД
Организмде эндорфиндин (бакыт гормону) көп бөлүнүп чыгуусуна өбөлгө болот. Ал эми эндорфин ооруну басаңдатат.
ИМБИРЬ
Тишиңиз ооруса имбирди сууга кайнатып (эгер порошогу болсо сууга аралаштырып), оозду чайкоо кажет.
КОФЕ
Кофеин нерв системине таасир этип, оору менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Өзгөчө булчуңдардын оорусун басат.
БАНАН
Жегиликтүү жемиштеги калий булчуңдардын оорусун азайтат.
СҮТ АЗЫКТАРЫ
Бул категориядагы азыктарда кальций көп болгондуктан, баш оорудан арылта алат.
#пайдалуу
Бүтүндөй аялзаты окусун!
Белгисиз автор.
Сапарлашымдын аңгемеси
Ушудан бир жыл мурда, жаз айы. Кызым экөөбүз поюзга чыктык. Астыңкы орунга билет алганбыз, кызымдын орунунун жогорусуна бир апа орун алган экен. Жогоруга чыгып түшкөнүн байкаган кызым, мама, мына апа менен алмашып алайынбы деди. Макул дегеними уккан апа алкышын жаадырды. Орозодон кийинки күндөр эле, карызым бар эле деди, оозу жабык экен.
- Кызым, бактылуусуңбу? - деп сурады, апа бир кезде. Бир аңгеме айткысы келип отурганын сездим.
- Ооба, Бактылуумун деп айтайын дедим да, апамдын сөзү эсиме түшүп кетти.
"Бактысыз жандардын жанында өзүңдүн бактылуу экениңди айтып мактанба, жандары жабыркап калааар" дечү апам.
- Шүгүр, а