Жылдыздай жаркырап жанып келген,
Жаркыраган аткан таңым белең.
Жылмайган жылуу жүзүң,
Жүрөк эңсеп эзип келген.
Жанымда турчусун оттой жанып,
Жылуулук дем берген элең.
Жан дүйнөм сыздап жатты,
Агарып өзүнсүз таңым атты.
Жаш жүрөгүм жараланып,
Сезилбей күнүм батты.
Сага арнап ырлар жазып,
Караймын сен тарапты.
Жүрөктү жарып өттүү,
Жанган от жалын очтү.
Жаш тамып көздөрүмдөн,
Жалдырап карайм көктү.
Жаракат ырбап барат,
Жаралап жан жүрөктү.
Автор Г. Ж.Н.
Сиз деп гана.
Өзүмчө кыялданып келбетиңизди,
Мен сизди көрө электе сагынганмын.
Мөлтүрөгөн карегиниздин жалынына,
Мөңгүдөй эригендей ачыламын.
Бүтүндөй дүйнөм менен сизди көрүп,
Сезе алсаңыз гүлүңүз болу ачыламын
Арманым сизди көргөн күндөн бери,
Аптаптай каптап турган жалындаймын.
Айталбай ажарланган карашыңызды,
Айнеке тийген күндөй чагыламын.
Жашоодо сиз бар үчүн келген өңдүү,
Бактыма толуп ташып жалындадым.
Сиз менен өмүрүмдү толук баштап,
Ал жолдон келет такыр жаңылбагым.
Сиз менен дүйнөм эч бир бөксөрбөгөн,
Сиз менин күнүм болсоңуз таңымдагы.
Кыялымда бир жанды.
Гүлдөр гүлдөп көк шибер боюн керип,
Жаз да келди жашылданып ээликтирип.
Тынчым кетип жаздын түнү ойго батып,
Кыялдагы бир жанды кезиктирип.
Дениздейсиз көк мөлтүр тунуп жаткан,
Толкундайсыз тымысын бөгүп жаткан.
Балким ушул кездешүү сиз үчүн да,
Болуп берер бир өмүр бүтпөс дастан.
Сиз ырдасаныз унутуп жылдарымды,
Ойго батып бир далай турбадымбы.
Асылкечим ашыгып жазды күткөм,
Жүрөгүмдүн тынчтыгын уурдадынызбы.
Ав Г.Ж.Н.