ЭКИ ДОС
Бир дос акчага муктаж болуп экинчи досунун эшигин каккылайт:
-кел досум, ичкериге кир
-жок, рахмат досум, бирөөгө 100 сом карызым бар эле, кайтарып бергени таппай калдым. Жардам кылып турсаң деп келди.
-азыр досум, күтө тур анда.
-рахмат, акча болоору менен, узагы менен бир жумада кайтарам.
-макул, ийгилик. Жакшы бар
Акча берген досу өз үйүнө ыйлап кирет. Аялы көрүп :
-эмне үчүн ыйлап жатасыз. Болбосо бербей эле "жок болчу" - деп койбойт белеңиз
Антсе күйөөсү
-МЕН БЕРГЕНИМ ҮЧҮН ЫЙЛАГАНЫМ ЖОК. ДОСУМДУ КЕЛИП СУРАТПАЙ, ӨЗҮМ БАШТА БАРЫП КЫЙЫНЧЫЛЫК ЖОКПУ деп сурашым керек болчу.
"ДОСУМДУН КАЙГЫСЫН ДОС БОЛУП ТУРУП БИЛБЕГЕНИМ ҮЧҮН ЫЙЛАП ЖАТАМ" - деген экен....
Оо Кудуреттүү Алла Таалам
Бүгүн досум Шааркандын туулган күнүДосум бүгүн 49 жашка чыкмак. Досум жаткан жериң жайлуу болсун, сен биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталасын. Бул жашоода жакшы адамдар эрте кетет туура