СҮЙҮҮ ДА КОРГООГО МУКТАЖ!
Түгөйлөрдүн ортосундагы сүйүү мамилеси муз сыяктуу. Бир караганда таза, жылмакай, ажайып сулуу. Бирок туура эмес кадам жасасаң дароо жарака кетет. Канткенде бул назик, морт сезимди коргоп калса болот? Психолог Гүлмира Ишеналиева менен бул суроого жооп издеп көрдүк.
«МЕНИ САКТАП КАЛЧУ КИМ?»
Сүйүү деген эмне? Бул суроого эч ким так жооп бере албайт. Ананчы, көз көрбөсө, кол менен кармай албаса сүйүүнүн эмне экенин ким билмек? Мен өзүмдүн өмүр баянымды айта кетейин. Биздин үй-бүлө – сүйүү деп аталат, кожоюнубуз – адам, жашаган жерибиз – жүрөк, кызматыбыз – адамдын жашоосун көңүлдүү, түстүү кылуу. Бир туугандарымдын бири адамды мекенди сүйдүрсө, бири ата-