“Манас” эпосундагы баатырлардын билими («Манас» эпосунда «снайпер» болгонбу?)
«Билимдүү болсоӊ озорсуӊ, билимсиз болсоӊ осолсуӊ» же «Билимдүү зор, билими жок кор» деп кыргыз эли байыртадан билимге тереӊ маани берип келген. Кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосунун мазмуна үӊүлсөк, адамзатты билимге чакырган маанидеги ыр саптары байма-бай кездешет. Мисалы:С.Каралаев даанышман Бакайга карата мындай мүнөздөмө берет: «Ороюн көргөн чочуган, Олуя чалдан окуган». Калмак-кытай баскынчылары кыргыздарды туш-тарапка чачып, жерин тартып алган кезде, Олуя чал жетим калган Бакайды Жердин түбү – Желпиниш деген жерге алып барып, тарбиялап, билим берип, даанышман кылып чыгарат. Олуя чалдан билим алг