#ИЗСИЗ ӨТКӨН ОТУЗУНЧУ КҮЗ...
Биздин той ошол жылдын кеч күзүндө болду. Оболу баары жакшыдай сезилди. Жашоо бир калыпта, жолдошум, кайненем, кайнатам, баары мектепте иштеген билимдүү, түшүнүктүү адамдар. Кесибиме ылайык мага да мектептен саат алып беришти. Эртең менен жумушка кетем, кечинде келип тамак жасап төрт адамга берип койгондон башка жан өгөөлөгөн тиричилик деле жок. Бирок күйөөм экөөбүз жаш жубайлардай болуп сагынышып, ысык болгон жокпуз, ал тургай, барчу жумушубуз чогуу болсо деле ээрчише басып колтукташып барбадык. Биздин жубайлык мамиле экөөбүз баш кошкон күздүн кечиндей салкын бойдон калып калды.
Жаңы жыл алдында мектептеги жаш мугалимдер чогулуп англис тилинен сабак берген Р