*КУЛАКТЫН ОРОЗОСУ.*
🌱🌱🌱🌱🌱🌱🌱🌱🌱🌱🌱
Алланын инсандарга берген дагы бир сыйы болуп саналган кулактын жалган сөз,ушак-айың сыяктуу жийиркеничтүү нерселерге карата жабык болуусу,мындай нерселер сүйлөнгөн жерден алыс болуусу,мусулман адам сөзсүз түрдө аткаруусу зарыл болгон нерселердин катарына кирет.Себеби,жийиркеничтүү жаман нерселерди ооз менен айтуу арам болгон сыяктуу эле,мындай нерселерге кулак салып угуу да ошончолук жийиркеничтүү.Орозодо булар ого бетер арам.Куран Каримдеги "Маида"сүрөсүнүн 42-аятында жалган айтуунун,жалганга кулак салуунун эң жаман адамдардын иши экендигин баяндаган.
Хадистерде: *"Ушак айтуу,сөз ташуу,жалган касам ичүү,никесиз аялдарга кумарлана кароо* *орозонун бузулушуна себепкер болот* "деп айтылганынан улам,Имам Абу Ханифа,бул хадиске аныктама берип:
*"Бул күнөө иштер орозонун сообун бузат,аткарылышын бузбайт, мындай орозо* *макүрүү болуп эсептелет"* деп өзүм чыгарган.
Демек,жогоруда айтылган күнөөлөрдү кылган адам орозо тутуу карызынан кутулса да,орозого таандык болгон чоң сооптон куру калат.Анын үстүнө,Пайгамбарыбыз(с.а.в)мындай деп көрсөткөн:
*"Кээ бир орозолуу адамдар бар,алар чаңкап-суусоо жана ачкалыктан башка эч* *пайдага жетпейт".*
*_(Ахмад бин Ханбал,2/441)_*
Орозо-момундар үчүн нимат жана аманат болуп саналат.Пайдасыз начар сөздөргө кулак салуу менен бул аманатка кыянаттык кылбоо керек.Орозолорубузду эле эмес,башка ибадаттарыбызды да арам иш жасоо менен соопсуз курулай нерсеге айлантып албайлы.
❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️
📚 *"Берекелүү Рамазан айы"* -китебинен
☪️ *ИСЛАМ НУРУ* *ДААВАТ* ☪️
*Группага катталуу үчүн*⬇
*What's app*⤵️
🚹 *Мырзалар үчүн*
+996755-86-68-96.
🚺 *Айымдар үчүн*
+996755-86-68-96.
*Инстаграмм* ⤵️ https://www.instagram.com/islamnuru_daavat/ . *facebook* ⤵️ https://www.facebook.com/profile.php?id=1000234165 *Телеграмм* ⤵️ https://t.me/islamnurdaavat .
☝🏻 *ЭСКЕРТҮҮ*❗❗❗
*Макаланы башка группага жүктөгүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев