✅ Айым, мырзага карабай ар бирибиздин жүрөгүбүздө сүйүү чөйчөгү бар. Ошол чөйчөк бөксөрө баштаганда, сүйүү азайып, адамдын мүнөзү
▪️орой,
▪️таарынчаак жана
▪️көбүрөөк көңүл бурууну талап кыла баштайт.
Адамдын мындай абалын бири түшүнсө бири түшүнгүсү келбейт.
✅ Ал сүйүү чөйчөгү, кантип бөксөрөт?
Адамга, адам 👥 керек дегендей
▪️ жакшы сөз укпай калганда,
▪️ бирге болуп жалгыздыкты сезгенде,
▪️ көңүл буруу аздык кылганда,
▪️ ыраазычылык сөздөр азайганда,
▪️баалуулугун эске албай калганда,
▪️аракетине көз жумуп койгондо,
▪️ көңүлү менен эсептешпегенде,
▪️ сүйүү менен мамиле кылбанганда ж.б.у. с. мамилелерден улам, жүрөктөгү сүйүү чөйчөгү бөксөрүп, башкаларга сүйүү менен мамиле жасоого каалоосу жоголот. Себеби, ал сүйүү, өзүндө жок!
✅ Мындай абалда адам, сөз көтөрө албай, көзүнөн жаш алып, бирөө келип ага дем берип колдоп коюусуна муктаж болот. Бирок, бул абалын кээ бири ачык айтса, кээ бири ачык айталбай, жан-дүнөсү менен азап тартып жүрө берет.
Бүгүн жолдошун же жубайын же балдарын орой сүйлөп, сөзүңдү жактырбаса, анда өзүбүзгө суроо берип көрүү керек.
🔹️Акыркы жолу, качан жакшы сөз айттым?
🔹️Качан убакыт бөлүп, сырдашып сүйлөштүм?
🔹️Качан чогу сейилдеп келдим?
🔹️Качан белек бердим?
🔹️Качан мактадым?
🔹️Качан ыраазычылыгымды билдирдим?
🔹️Качан анын мен үчүн баалуу экенин айттым?
🔹️Качан анын каалоолорун эске алып, көңүлүн көтөрдүм?
✅ Албетте эч кимден жакшы сөз күтпөй же бизге көңүл буруу керек деп, талап койбой жашаганыбыз жакшы. Бирок, менин айткым келгени, биз, бири-бирибизге керекпиз. Бир 👤 адамга караганда эки 👥 адамдын аракети жакшы болот эмеспи. Бири- бирибиздин сүйүү чөйчөктөрүбүздү
🔸️жакшы сөз,
🔸️жакшы мамиле,
🔸️көңүл буруу менен толтуруп туруу зарыл.
СҮЙҮҮ ЧӨЙЧӨГҮ БӨКСӨРБӨСӨ, СҮЙҮҮ МЕНЕН БӨЛҮШҮП ЖАШАЙТ.
🔸️ Сүйүү чөйчөгү бош калса, бөксөрүп кетсе, анда сага эч кандай сүйүү менен мамиле жасай албайт. Себеби жүрөгү бош. Ичинде таарынычтан башка эч нерсени таппайсың. Ошондой эле жүрөгүн сүйүүгө толтурбай туруп , сүйүү талап кылууга да акыбыз жок!
📌 Ар дайым жаныбызда жүргөн жакындарыбыздын сүйүү чөйчөгүн толтуруп туралы. Бул пост ата-энеге, уул-кыздарга, жубайларга, досторго ар бирине арналат. Себеби ар бир адам, СҮЙҮҮ ЧӨЙЧӨГҮ бөксөрүп кетүүсүн каалабайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев