БӨКСӨРУП КАЛГАН СҮЙҮҮ ЧӨЙЧӨГҮ.
Айым, мырзага карабай ар бирибиздин жүрөгүбүздө сүйүү чөйчөгү бар. Ошол чөйчөк бөксөрө баштаганда, сүйүү азайып, адамдын мүнөзү
орой,
таарынчаак жана
көбүрөөк көңүл бурууну талап кыла баштайт.
Адамдын мындай абалын бири түшүнсө бири түшүнгүсү келбейт.
Ал сүйүү чөйчөгү, кантип бөксөрөт?
Адамга, адам керек дегендей
жакшы сөз укпай калганда,
бирге болуп жалгыздыкты сезгенде,
көңүл буруу аздык кылганда,
ыраазычылык сөздөр азайганда,
баалуулугун эске албай калганда,
аракетине көз жумуп койгондо,
көңүлү менен эсептешпегенде,
сүйүү менен мамиле кылбанганда ж.б.у. с. мамилелерден улам, жүрөктөгү сүйүү чөйчөгү бөксөр