КАРТ АЯЛ МЕНЕН ЖАШ АЯЛ.
(Ангеме).
Улгайган аял менен жаш аял маңдай-тескей чай ичип олтурушту.
Ооба, бири улгайган, экинчиси жаш. Булардын курагы да, тагдыр жолдору да, турмуштан алган энчилери да бири бирине окшобойт. Бир дасторкондо олтургандары менен ой-санаалары эки башка.
Жаш аял эртерээк ичип бүтүп, дасторконду жыйнаштыра коюп, караңгы кирип кете электе үйгө жетсем болот эле деп ичинде тынчы кетип олтурду. Күйөө- сү да жумушунан келип калгандыр. Балдары мектептен эмгиче келишти. Кичүүсү ыйлап калбады бекен? Күйөөсү аны көтөрүп алып сыртта жол карап жүрөт го...
А тиги улгайган аял эч кай
Баарын кечирдим. Өткөндү кое бердим. Алдыга багыт алдым.Мындан эки жыл мурун тамдын үстүнө чыгып баратып кулап түшкөм. Комада эки күн жаттым.Үчүнчү күнү дарыгерлер суук кабарды угузду: «Омурткаңа катуу доо кеткен, мындан ары баса аласыңбы же жокпу айта албайбыз». Күйөөм ыйлап жатты. Менден бир тамчы көз жаш аккан жок. Качан ыйладым дебейсиңерби? Бейтапканадан чыкканда. Бул күндү эч качан унутпайм. Анткени күйөөм майыптардын коляскасын алып келген. Уулум экөө көтөрүп отургузушту. Алар сүйрөп баратышат, мен шолоктоп ыйлап баратам. Жолдошум мени караш үчүн жумушунан жарым ставкага которулду. Студент балам жардам
болсун деп, окуусунан кийин досуна кошулуп иштей баштады. Түшүмдө чуркап жүргөн бо