Алп элең
Манастай болуп кабылан,
Сөөлөттүү элең,алп элең.
Кайран досум,Кеңешбек,
Бул дүйнө бизге калп экен.
Жайдары эле мүнөзүң,
Жаркылдап күлүп сүйлөгөн.
Аттиң,ай!Кайда шашылдың,
Эрте кетип дүйнөдөн.
Алдыда али көптөгөн,
Сонун күндөр күтмөк да.
Кара жердин тешиги,
Сенсиз деле бүтмөк да.
Карыган чакта апаңды,
Кандай күнгө таштадың.
Катыгүн,Кеңеш,кайран дос!
Не жорукту баштадың???
Досторуң турат ич сыздап,
Күйүттөн ичте буулугуп .
Кептериң куйкум сүйлөгөн,
Кулакка турат угулуп.
Жакшы ,жаман күндөрдү,
Досторуң менен өткөрдүң.
Турмуштун татаал сыноосун,
Билемин,далай көп көрдүң.
Эскирип ошол өткөн күн,
Эми багың тапты элең.
Эсил кайран,эх досум,
Аллахка балким жакты элең!