аңгеме
Үрүбай диний сабаты деле жок. Бирок Алланын буйурган парздарын молдокелер айткан тартип менен өз убагында так аткарат. Жашы кырктан бир аз ооп калган. Күнүгө эрте менен таңкы намазды мечиттен окуйт да ошону менен керээлден кечке жаны тынбай эмгек менен алек. Бу тирилик дегениңдин түйшүгү бүтпөйт эмеспи.Адаттагыдай таңкы намаздан соң үйгө келди да кампасын ачып анын ичиндеги сакталгандары эрте бышыкчылыка жетип бараар бекен деп чамалады. Бир каптай картөшкө,бир кап азыраак сабиз,эки тор капта турган пиязды көрдү да пияздын бир кабы жегенге жетээр,экинчи кабын алакандай жерге эгип койсом уруктука жарап калаар деп кампанын эшигине жөлөдү. Күн да чыга келди,бу жаз дегениң сонун да,эртели кеч суук болгону менен чашкеден баштап итапкан эле жылуулук берип калды күн жаныбар да. Бир аз нанүштө кылып бүткөн соң эмгекчил жаны күндөгү адатындай эле тынымы жок эмгектенип кирди..Оо бир топто барып бүгүн Кудайдын улуу күнү жума экенин эстеп кетти,Кашайгырдын эсин кара,пакказ ибадаттан калып кетмек экен. Очоко отту жагып,чоң казанга сууну ысытты бой даарат алмакка,бул анын адаты,ар жума күнү жасанып,түзөнүп,жаңы кийимдерди кийип даярданат ушинтип. Кантсе да майрам күн,анүстүнө Кудай менен сүйлөшүүгө баратпайбы. Даярданып бүтүп райондун чок ортосунда жайгашкан борбордук мечитке карай жөө жөнөдү. Эки чакырымдай бар аралык. Унаага түшсө деле болмок. Жөө келгенде сооп көбүрөөк жазылаарын Үрүкең молдокелерден уккан. Анан ошо соопту таштап кетмек беле,жөө эле барат.
Мечиттин ичи жык жыйма эле,улам жаңы адамдар келип атып аябай эле көбөйдү.Үрүбай да бир ыңгайлуу орун таап көчүк басты. Микрофондо молдо масала сүйлөп атты. Борбордон келген өтө чоң молдо дешти жанындагылар шыбырашып. Үнү да аябай жаңырып сонун чыгат экен..Молдо масала кылып атты:
- Кудай Таалам насип кылып мына жазга да келип жеттик. Жерге мээнет кылбасак жер түшүмдү кайдан бермек эле...
Үрүбай үйдөгү эгем деп койгон пиязын ойлоду. Кошумча дагы не эксем болот дегенсип эсинеп койду. Таңда эрте тургангабы уйкусу келип кетти,анүстүнө молдонун үнү да жагымдуу,уйкуну келтирет экен..
Молдо масала кылып атты:
- жерге эле мээнет кылбастан Кудайдан да сураш керек,дуа кылыш керек.Анан ошо жерге мээнет кылгандай ыйманга да мээнет кылыш керек. Эмнени жеп, эмнени жебешти шарият үйрөтөт. Мына эми жаз келди сиздер картөшкө айдайсыңар,жүгөрү айдайсыңар,помидор айдайсыңар,пияз..
Үрүбай үргүлөп кетти. Молдонун "пияз " дегенинен кийин кулагы угуп атса да аң сезими кабыл кылбады,ажырата албады эмне деп сүйлөп атканын. Алыстаан эле бирөө сүйлөп аткандай болот. Үргүлөп атат...
Молдо масала кылып атты:
Ак мээнет менен иштеп табылган оокаттын зекети,үшүрү берилсе мусулман адамга баары адал болуп саналат.
Үргүлөгөн Үрүкең башы шыл шылк этип отурат.
Молдо маселе кылып атты:
- эгерде бирөөнүн ыраазычылыгын албай туруп анын оокатын жесе же уурдалган тамак жесе мусулманга арам. Уктуңузбу! Арам!!! -деди өктөм үн менен.
Катуу чыккан үндөн Үпүбай селт эте ойгонуп кетти..микрофондо үн жаңырып турду
- Арам!!!
Үргүлөөрдөгү эң акыркы укканы "пияз",азыр болсо " арам" ...омееей иттики десе..пияз арам турбайбы, а бул болсо аны экмеке даярдап атыптыр.. Намаздан соң шашып эле үйүн көздөй чуркады. Кампаны ачты да эки кап пиязды кол арабага жүктөп таштанды төкчү жерге сүйрөп жөнөдү. Тез кутулбаса болбойт,бул арам тура,мурда сурабаганын кара тактап,билбегенин кара. Капырдыкы десе.. Азыр баарын төгүп салып кутулат бул арамдан. Кутулбаса болоор беле ..(уктап кеткенин эстебеди).
Шашып араба сүйрөп баратса курдашы Оңолбек жолугуп калды,мечиттен келатыптыр.
- ии Үрүке,шашып пияз жүктөп кайда жөнөдүң
-таштандыга
-эмнеге?
- муногу арамдан кутулуш керек
- таптатынакай эле бузулбаган пиязды неге арам дейсиң,мага бер мен жеп койоюн
- укпадыңбы,мечитте молдо пияз арам дебедиби..
- картөшкө, пияз эккиле деди,бирөөнүн акысын жебегиле, ошол арам деди..
Ээ кайран үргүлөгөн Үрүбай десе...Уктап кеткенин эми эстеди...
Ибрагим Балтабаев
ПыСы: маселенин баш аягын эле угуп,туура кабыл ала албаган замандаштар аябай көп,өзүңүзгө албаңыз..)))
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1