Ооз ачардан алдын сөссүз дуба кылыңыз. Жашоодо муктаждыгыңыз , ойлогон ой -максаттарыңыз же кабыл болсо экен деп жүргөн тилектериңиз болсо, анда ооз ачардан алдын алакан жайып Аллахтан сураңыз. Аллах орозо кармаган пендесинин дубасын, айрыкча ооз ачардан алдын кылган дубасын сөссүз кабыл кылат, пендесинин сунган колдорун куру кайтарбайт, анын сураганын берет жана тилегин ишке ашырат.
Аллах Таала баарыбыздын кармаган орозобузду жана ойлогон ой-тилектерибизди кабыл кылсын!
Оомииийн
Бул Сауд Аравиясынын Бурайда шаарындагы бак болуп, ал дүйнөдөгү эң чоң аянтты ээлеген курма бак.
Бак ишкер Салих Рожихийге таандык болуп, Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Аянты 54 660 донум *
Бакта курманын 45 түрү өстүрүлөт.
Жыл сайын Орозо айында ондогон тонна курма Мекке жана Мединадагы абадат кылуучуларга бекер таратылат.
* Донум - аянт өлчөө бирдиги болуп , 1донум - 910 чарчы метрге тең.
Куранда кайсы пара кайсы бетте жайгашканын оңой эле билип алууну каалайсызбы?
Курандын кайсы бир парасы кайсы беттен башталарын билүү үчүн төмөндөгү эсептөө ыкмасын колдонуңуз.
Мисалы, 9 - пара:
9 - 1 = 8,
8 + 8 = 16,
16 санынын аягына 2 ни кошобуз, =162.
Демек,9 - пара 162 - беттен башталат.
Ушул жол менен каалаган паранын башталуу бетин билип алса болот.
Мисалы, 15 - пара:
15 - 1 = 14,
14 + 14 = 28,
28 дин аягына 2 санын кошобуз, = 282 чыгат.15 - пара 282 - беттен башталарын билип алдык.
Алла таала бул маалыматты бардыгыбызга пайдалуу кылсын!
АРАМ ПИЯЗ
аңгеме
Үрүбай диний сабаты деле жок. Бирок Алланын буйурган парздарын молдокелер айткан тартип менен өз убагында так аткарат. Жашы кырктан бир аз ооп калган. Күнүгө эрте менен таңкы намазды мечиттен окуйт да ошону менен керээлден кечке жаны тынбай эмгек менен алек. Бу тирилик дегениңдин түйшүгү бүтпөйт эмеспи.Адаттагыдай таңкы намаздан соң үйгө келди да кампасын ачып анын ичиндеги сакталгандары эрте бышыкчылыка жетип бараар бекен деп чамалады. Бир каптай картөшкө,бир кап азыраак сабиз,эки тор капта турган пиязды көрдү да пияздын бир кабы жегенге жетээр,экинчи кабын алакандай жерге эгип койсом уруктука жарап калаар деп кампанын эшигине жөлөдү. Күн да чыга келди,бу жаз дегениң сону