АДАМДЫ ЭЧ ЖАМАН ДЕБЕГИЛЕ
Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.
Дүңгүрөп дүйнө жашыл кутка толгон,
Дүйнө бүт чөгөрүлгөн карегине.
Тургузсаң жыгылып, сынып жаткан чакта,
Тулкусу жаратылган алтындан чылк,
Турмушту бүт гүл кылып иер эле.
Козгосоң адал, таза ниеттерин,
Колунан бар жакшылык келер эле.
Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.
Түрмөнүн түбүндө да адам жатат,
Жабышкан өрттөй жалаа,өрттөп жанын,
Шамшардай сөз миздерин жаландатат.
Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.
А балким, карап,турган көзүң жаман,
А балким, сөөккө жеткен сөзүң жаман.
Нерв, кокустук, мамиле кыял жаман.
Мага-десең, Президент, БОМЖ же министр бол.
Баарына
УЧКУЛ ОЙЛОР.
Талаш – тартыш жок болсо – өмүр абака айланаар
Досторду эки түргө бөлсө болот:
Биринчилер конок сыяктуу,
Экинчилери кыйын күндө да кетпей тургандар ,буларды баалаш керек.
Убактым жок дегендин да чеги болуш керек,бул сыпайкерчилике деле жатпайт.
Жалгыздыктан ырахат алып өмүр сүрүү да улуу касиет.
Түрмөдөгү эң коркок адам түрмөнүн кожоюну
Өмүр ширин -мына эми келгенде,
Уудай ачуу -аны таштап кеткенде
Төрөлүп эле жашоо башталат,бирок өмүрдө дагы миң ирет өлүп кайра төрөлөсүң.
Тамашалардын баары чындыгы бар,өмүрдөн алынат
Запкы бербе,бирөөгө да тийбе,
Дүнүйө -алдамчы,өмүр куу деп элирбе,
Камдан, сактан, каалгып балээ келсе,
Баарын Кудай кылат дей бербе.
Баары өз аракети
ЖЕЛАЛЕДДИН РУМИ.
РУБАИЛЕРИ
Бөтөнчө да мен! – дей берип кетирбегин катаны,
Карапага алыштагы суу – ойлочу, батабы?
Наадан менен битирлердин тойгузсаң да өздөрдүн,
Өмүрүңдө мүмкүндүк жок тойгузууга көздөрүн.
Махабаттын кулу гана мен билбегенден, илгертен,
Дайым алыс жаман жорук, толуп жаткан илдеттен.
Сүйүү таза, акыйкатчыл, жашоонун ал маңызы,
Ошондуктан жаныбыздын ал мүрөгү, дарысы.
Эфлатундан, Улукмандан ашып түшөт махабат,
Анын берген дарыларын ким дүйнөдө таба алат?
Анын деми жерге, сууга жашоо берди, жан берди,
Кудай сүйүп, дүйнөбүзгө өзүндөй ак таң берди.
Махабаттын күчү менен болуп Муса периште,
Күнөөсүн жууп, пенделерге жол көрсөттү бейишке.
Сүйүү күчтүү, айланайын, күчтүүлүгү
Накыл сөздөр.
Өз жүзүн сактап жүргөн адамдарды балоо керек,
Аларга беткап кийүү зарыл эмес.
Жүзүнөн нур төгүлүп жарык берет,
Жүрүшү,парасаты зор касиет.
Аларга ишеним артса болот,
Тайгак жолдо бирге басса болот.
Баалаш керек мээрим берген адамдарды,
Кол созуп жардам берип тургандарды.
~~
Жашоо турмуш башатында билүү керек эмнени:
Жетпей калсаң максатыңа,калоолорду өзгөрткүң.
Жоготтуңбу,таап алгың өзүңө гана керекти,
Кырсык келсе,жеңе билгин күрөшкүн.
Кечиктиңби,...жетип алгын турбагын,
Терс бурулса турмушуң,чөгүп көңүл калбасын.
Турмуш түркүн өзгөрүүгө кабылтат,
Аракетиң эң негизги,өзүңдү жоготуп албагын...
Турмуш калчайт,башатына кайтарат,
Таштайт,түртөт,артын дагы көп салат.
Жашоо кү
Жакшы адамдар көп болсун
Албетте, адам менен адам таанышуу тагдырдын белеги. Бирок адамдар жолугушпайт-алар бири-бирин табышат. Аз-аздан көнүгүшүп бала кезинде жоголгон дүйнөсүн бири биринен тапкысы келгендей туугандык,жакындык сезим пайда болот. Эгер адамдар аларды бөлүп турган нерсени көбөйтпөстөн, аларды бириктирип турган нерсени издөөгө жана табууга бир аз көбүрөөк күч жумшашса — балким, биз тынчтыкта жашай алмакпыз.
Эркин котормо А.С
Конечно, встретить человека — это подарок судьбы. Но люди не встречаются — они обретают друг друга. Обретают мало-помалу, как потерявшийся в детстве ребенок по одному отыскивает разбросанных по свету родных... Если бы люди тратили чуть больше сил на то, ч
ӨМҮР ЖӨНҮНДӨ УЧКУЛ ОЙЛОР.
Келечекти табам деп,өмүр сүрүүнү унутуп кетпе.
— Сиз өмүрдү канчага баалай аласыз?
-Кандай айтсам да,Сиз кайра неге деп сурайсыз?
Өмүр кыймылды талап этет.
Аристотель
Өмүрдүн мааниси эмне?
- Айланаңа кызмат кылып, көмөк көрсөтүү.
Аристотель
Мен атаман өмүр алдым,устазымдан өмүрдү кандай өткөрүү тууралуу билим алдым.
Александр Македонский
Тирүү жандарга өмүр эмне экенин өлгөндөрдөн сурап көр дээр элем.
Мукагали Макатаев
Жашоо бизге ачууну бербесе,таттууну билээр белек,а эгер таттууну бербесе ачууну билээр белек.
Ғабиден Мустафин
Тарых -ырайымсыз.
Ал -олуяларды,аалымдарды,билимдүүлөрдү,падыша хандарды да аябайт.
Өз заңына каршы келгендердин баарын жанчып жүрө