2019-жылдын 18-апрелинде Красноярск шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууда көптөгөн суроолор талкууданды. Алардын бири мекендештердин арасындагы башкаруу жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу үчүн жаштар тобун түзүү болду. Жолугушунун аягында Красноярск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жаштар тобун түзүү чечими кабыл алынды. Чогулушка Кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн Сибирь федералдык округу боюнча өкүлү Кубанычбек Анашев жана кыргыз коомунун руханий лидери Мурат Карымшаков катышышты.