Предыдущая публикация
Кечир мени, кечирип кой Жараткан,
Ыйман берчи жүрөгүмдү тазарткан.
Жан дүйнөмдү сугарайын илимге,
Багыт болсун, Бейиш жакка бараткан.
Мен инсанмын, адашуучу жолумдан,
Билип билбей күнөө кылган колумдан.
Кечире көр кабыл кылчы дуубамды,
Көрсөм экен акыреттик сообумдан.
Пендеңмин го,топурактан жаралган,
Адам ата, Оба энеден таралган.
Сыноо бердиң тура жолун таңда деп,
Жашоо күнүм, сен тараптан каралган.
Куран бердиң, баардык сырлар катылган,
Намаз бердиң, аяттардан камтылган.
Жада калса Пайгамбарды жибердиң,
Шайтанга пенде калбасын деп сатылган.
АВТОР:МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ
"ПОЭЗИЯ ОРДОСУ"көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү.
20.04.2020.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 41