Ырыскысын эртели-кеч таратканга,
Өмүр көчү токтолбостон баратканга.
Шүгүр дегин эй инсан, шүгүр дегин,
Жанды салып, адам кылган жаратканга.
Абасы бар терең-терең дем алганга,
Күнү жарык жылу нурун алалганга.
Шүгүр кылгын ар убак шүгүр кылгын,
Түндү берди кубат алып эс алганга.
Кейибегин бир кем дүйнө тардыгына,
Шүгүр дегин бүт мүчөңдүн бардыгына,
Ойлонуп көр, замандашым ойлонуп көр,
Топук кылып, Жараткандын байлыгына.
Суу да берди, чаңкабастан жута турган,
Бакыт берди, үй-бүлөңдү кура турган.
Шүгүр деген жашап жаткан күндөрүңө,
Ден-соолук бар, өмүр көчүн сүрө турган.
Башты берди, акыл калчап чече турган,
Жүрөк берди, туюп баарын биле турган.
Шүгүр менен жашайлычы адам заттым,
Жашты берди мезгил сүрүп келе турган.
Амал берди, арылтуучу күнөөсүнөн,
Куткарганы тозок отко күйүүсүнөн.
Шүгүр деген, эй инсан шүгүр дегин,
Бейиш берди жаралган сүйүүсүнөн.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ
"ПОЭЗИЯ ОРДОСУ"көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү.
29.04.2020.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев