Күчтүү менен күрөшпө,
Түптүү менен тирешпе.
Бактылуу менен байлашпа,
Таалайлуу менен талашпа-демекчи арбагы бийик, аты улук жараткандын жарлыгы мн багы башынан ашкан баатыр Манастын баянын жар салган жаштардын жарышы Жалал-Абадда өттү!
Жалал-Абад шаардык "Манас таануу" интеллектуалдык таймашына 20 топ катышып, жигердүү оюн көрсөттү!
Кыргыз тилдүү топтор арасында
1-орун Р.Санатбаев м.г. "Аколпок" тобу
2-орун Б.Осмонов м.г. "Чоң Казат" тобу
3-орун С.Давлетов м.л. "Кабылан Манас" тобу
Окутуу улуттук мектептер арасында
1-орун М.Бабкин м.г. "Кыз Сайкал" тобу
2-орун Б.Осмонов м.г. "Кыраандар" тобу
3-орун #8 о.м. "Чыйырды" тобу
#КТРК#Көйкашка#Манастаануу2022#ЖалалАбад#Мектеп#Окуучу
Аял-гүлдөй, илбериңки, өтө наз,
Ал кадимки жылуу-жумшак сулуу жаз.
Сулуулук көп жер жүзүндө, ааламда,
Бирок чиркин!-Аялзатка теңдеш аз!
Үмүтай ЭРАЛИЕВА.
Урматтуу аялзаты майрамыңыздар кут болсун. Баарыңыздарга энелик бакыт-таалай каалаймын. Бар болуңуздар, аман болуңуздар!!