Бүктөлөм, кайра жазылам,
Бүркөлөм, анан ачылам.
Ыргалган Гүлдөй татынам,
Ырахат алам назыңан.
Тушалам, кайра тутанам,
Тумчугам, кайра күчалам.
"Агай"деп койсоң болгону,
Арылам дароо кусадан.
Агымын суунун кечпесем,
Алтүндө түштө кездешем.
Арманым ичте калбайбы,
Айчырай жүзүң өппөсөм...
Автор:Эсен Алымбеков
24.06.2020-ж
Ысык-Ата району
"АРУУ ДҮЙНӨ БИШКЕК-ЧҮЙ АДАБИЙ-КООМДУК БИРИКМЕСИНИН мүчөсү
СУЛУУЛУК
Өзүңдөн агып сулуулук,
Өзөккө келип куюлуп.
Жараткан энчим- жанбиргем,
Жайгарды маган буюруп...
Кермарал сүйкүм, келбетиң,
Келишкен каухар-берметим.
Дүрбөлөң салып сезимге,
Дүйнөдө жоктур теңдешиң.
Асманда көркөм, Ай жылып,
Ай-жүзүң карек талдырып.
Чарчасам мөлтүр булаксың,
Чаңкоомду дайым кандырып.
Сапырып оюм бурганак,
Санаалар курчап, жулмалап.
От жанган көзүң көргөндө,
Оталып дароо "шыр-р" жанат.
Жан-биргем, жакын шериктеш,
Жарышпай күлүк демикпес.
Керемет дүйнөм түгөнгүс,
Кешигим, тузум кемитпес...
Автор:Эсен Алымбеков
22.06.2020-ж
Ысык-Ата району
"АРУУ ДҮЙНӨ Бишкек-Чүй АДАБИЙ-КООМДУК БИРИКМЕСИНИН МҮЧӨСҮ
ЖАН ЭРКЕМ
Көркү белең, көчөттөлгөн Ак Мөөрдүн,
"Көлдө сүзгөн ак куу элең?"-деп келдим.
Өңүрүнө суу жетпеген балыктай,
Өзүң ойлоп өйдө-төмөн өкчөлдүм.
Назиктикти сен боюңа сиңире,
Мен "бал аарың" конуп-конбой гүлүңө.
Кушум эркин, булбул бакта сайраган,
Куштарланам, кубулжуган үнүңө.
Көкөлөгөн көктө учкан куш канат,
Көгирим көл көргөндө көз суктанат.
Жвкшылыкты жарык кылган жан-эркем,
Жалын бүрктүң, сезимиме от калап...
Аатор:Эсен Алымбеков
21.06.2020-ж
Ысык-Ата району
"АРУУ ДҮЙНӨ БИШКЕК-ЧҮЙ АДАБИЙ-КООМДУК БИРИКМЕСИНИН мүчөсү
Дарактай желге термелем,
Дарегиң таппай мен келем.
Өзөгүм күйүп өрттөнөм,
Өзүңдү ойлоп дембе- дем.
Саналбай саат, күн өтсө,
Сагыныч бийлеп жүрөктө.
Саламым ушул билип кой,
Саамайың сылап жел өпсө...
Күмүштөн шакек-иймегиң,
Күйүттүн жибин күрмөдүң.
Кыдырсак кезип кыйырга,
Кызыгын көрүп дүйнөнүн.
Автор:Эсен Алымбеков
20.06.2020-ж
Ысык-Ата району
"АРУУ ДҮЙНӨ БИШКЕК-ЧҮЙ АДАБИЙ-КООМДУК БИРИКМЕСИНИН мүчөсү