Предыдущая публикация
Жүрөгүңдөн койгонуңда берип түнөк,
Жетмек эле азаптарды жеңип жүрөк...
Маарасына жетпестен максаттарым,
Мен сени уурдап кетким келип жүрөт.
Кур үмүттү кырка албай жүрүптүрмүн,
Куйкаладың сезимдерди күйүктүрдүң.
Жеңейин деп сен үчүн миң күчтөрдү,
Жинди болуп ойлонбой сүйүптүрмүн.
Жолдон чыксаң ак жүзүңдү акмалатып,
Жүздөрүңдөн кетпестир капаң артып.
Шайым кетсе айлам жок, башка арга,
Шарт үйүмө уурдап кетем "АПАлатып"
Бир максатты көздөгөн сагызгандай,
Баратам канат күүлөп, керип жүрөк.
Үмүттөрдү үзбөгөнгө алым калбай,
Мен сени уурдап кетким келип жүрөт.
Арген Болушов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 22
Махабат сырын чечип.
Суйуунун ырын ырдап-
Махабаттын туу чокусуна жеткин,Аргеним менин жаш акыным