Соолубас көңүл болбос,
Сугарса гүлдөр соолбос.
Нугунан чыгып кетсе,
Сайга да суулар толбос.
Караңгы түндөр эмес,
Жакшы күн болсун элес.
Жашоодо жаңылбайлы,
Өткөн күн кайра келбес.
Кайгылар, кубанычтар,
Коштогон уламыш бар.
Койбойлу тек кетирип,
Кайрылбас кубаныч бар.
Маңыздуу өмүр сүрсөк,
Сыйлашып дайым жүрсөк.
Аттиң,ай, бир-бирибиз,
Кадырлап,баалап билсек.
Гөлөева Санавар Айтбаевна.
Ноокен району.
Шалка айылы.