АЙЛУУ КЕЧ КҮТКӨН
КУНДӨРДӨ
Жаштык кез кымбат билгенге ,
Унуткуз кечтер бизде эле.
Ал күндөр калды сакталып
Уурдатып койдук кимдерге.
Бизден да калды айлуу кеч,
Айтылып кээде , андан сөз.
Таңданып тосчу кез калды,
Ал курак кимге уурдалды.
Биз таанышкан жылдарда,
Изки издер калды бульбарда.
Жаштыкта жыргап алсын деп ,
Өткөзүп бердик жаштарга .
Сүйүүнү тоскон күндөрдө,
Унуткус кез бар жүрөктө .
Биз карып андан кетебиз,
Айлуу кеч кетпей элесте .
Улам жаш жылып өйдөлөйт,
Жашоодо анык бар дөөлөт.
Амандык берсин жараткан ,
Бульварды жаштар ээлейт.
УУЛБҮ.КАРМЫШАКОВА.Кара -көл ш.
ЭРКЕМ АЙ
( Небиреме )
Түйшүктөнүп , жаңы арыштап кадамың ,
Там - туң басып алга карай базасың .
Жакшы көрөм алмончогум , эркем ай,
Небиреме бактылуулук кааладым .
Эки колду эрбеңдетип секирин,
Аярлыкта бой токтотуп барасың.
Өз алдыңча кадам шилтеп эркелеп ,
Сездиресиң ич дүйнөңдүн тазасын .
Наристемсиң дити таза эркем ай,
Келечектин жылдызы бол жаркырай .
Балалыктын бал мезгилин көрсө деп ,
Тиленемин чын дилимден эрте - кеч.
Кылыктуусуң , жан эргиткен эркем ай,
Эң бактылуу күндөр күтсүн жаркырай .
Тынчтык заман оорноп турсун эл - журтта ,
Нур төшөлүп гүлдөп өзсүн замана.
Бешенеңде аман болсун ата - энең ,
Эң бактылуу үй - бүлөдөн болсо экен.
Ушул күлкүң ,ушул жыргал са
КИМГЕ ЖАЗЫП АРНАЙЫН
Сүйүү ыры , жүрөктөн калды оргубай ,
Жүрөгүм да түңүлгөндөй , оорубай.
Адам затка , жашымышы ушул деп,
Өтүп жатат күндөр чубап арылай .
Ырларымды кимге жазып арнайын,
Эми жазбайм сүйүү ырдын казалын.
Бараткандай мелмил көлдө жел кайык ,
Өмүрүмдү мен көңүл чөкпөй жашайын.
Бышып барат , санааларым саргайып,
Айдаганым шалдыраган жел кайык.
Бурамасы калган өңдө эскирип ,
Жүрөк дарты , айыкпашы бул анык.
Сага арнасам ырларымда, армандар,
Мен окшошом канаттууга жарадар.
Ичте калды кыялдарым көмүзгө,
Сага айтылбай калды ичте канчалар .
Сүйүү ырын жазган сайын жашарып,
Калган өңдү жүрөгүм да тазарып.
Жазбай калдым өзүңө арнап ырларды ,
Сени эстесем көздөрүмдөн жаш агып.
КЕҢ ААЛАМ КУЛАЧ
ЖАЙГАНДА
Жаз күтүп жаткан айлана ,
Үмүттөр жылып жай гана.
Жаз менен кошо келгендей,
Жыпар жыт,атыр ,упа да .
Айланды кооз көркөмгө,
Жер бети толуп көктөмгө.
Жандана түштү баардыгы,
Жаз коштоп жамгыр сепкенде .
Кең аалам кулач жайганда,
Бак дарак көккү шаңдана.
Керемет көркөм жүзүнөн,
Жүрөгүм калды тазара .
Кең аалам кулач жайганда,
Айланып жүрдүк бульбарда
Жашоонун жыргал мезгилин ,,
Өткөргөн экем сен барда.
Гүл өңдүү сүйдүң кылчая,
Кыялга баткам анда да.
Арнашып турдук ак тилек ,
Кең аалам кулач жайганда.
УУЛБҮ.КАРМЫШАКОВА.Кара -көл ш.