ЭСТҮҮЛҮК.
Унутуп кой, бирөө кылса жамандык,
Тилеп койгун, жүрөгүңдөн амандык.
Аш менен ур,таш көтөрүп урганды..
Кек сактаба,кетпе жолго наадандык.
Милдет кылба, өткөн болсо жакшылык,
Көз күйгүзбө.., баратканга.... жакшырып,
Көрө албастык.. сезим менен ойнобо,
Көр дүйнө эмес, көлдөй пейил- барктуулук.
Чындыгында ушул жашоо беш күндүк,
Чыгууга жол, чыдамкайлык, эрктүүлүк.
Сыйдан... артык нерсе болбос өмүрдө,
Сындан тайбас, эрктүүлүк да эстүүлүк.
Автору.С.Миңбаева.