ДУБА.
=====
Аллахым, Өзүң Кечиримдүүсүң, Кечиргенди жакшы Көрөсүң, менин дагы билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй, кылган, кылып жаткан, келечекте дагы кылып ала турган күнөлөрмүдүн баарын Кечиргин.
Өзүң мага узун, пайдалуу, ыймандуу, берекелүү өмүр Бергин.
Өзүң мага туура жолдо, таза жана такыбаа жашоо менен жашашты насип Кылгын.
"Лаа илааха иллаЛлох Мухаммадур росуулуЛлох" - келмесине амал кылып жашашты Насип Кылгын.
Шайтандын азгырыгынан, дажжалдын жамандыгынан Өзүң Сактагын.
Билип-билбей ширк келтирип коюштан Сактагын.
Бирөөнүн акысынан Сактагын.
Бирөөгө тилим менен жана колум менен зыян берип коюштан, бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюштан, ичи тардыктан, көрө албастык кылып коюшт
Жаш жигит күндөрдүн биринде сүйүктүү устазына келип:
- Устатым ?
Менде сизге болгон бир суранычым бар .
Мен өз напсимди башкара албай кээде күнөө иштерди кылып коё жаздаймын.
Мага, күнөө иш жасаганга бир жол таап бериңиз?
Кандай жолдор менен күнөө кылса уруксат?-деп суроо узатат.
Анда устазы ойлонуп турат да шакиртине:
- Күнөө иш кылсаң Аллах Таала көрбөй турган жерди тапкын.
Эгер ошондой жерди тапсаң уруксат, жасай бер - дейт.
Экинчиден:
Аллах Таала көрбөй турган жер бар болсо
анда Аллахтын жараткан нерселерин пайдаланбай туруп күнөө жаса.
Учүнчүдөн:
Аллах Таалага сездирбей жаса-деп жооп берет.
1. Бул окуядан сабак алынуучу маселе
чындыгында Аллах Таалам көрбөй калуучу
жер бар бекен?