ТҮБӨЛҮК МАХАБАТЫМ
Муңканып көкүрөктөн ырым чыкса
Ал менин берекем да сүйүүдөгү
А бирок кошо кармап тагдырымды
Ал түнөк, үмүт берген жүрөктөгү
Жарыктык дилим таза сезимиңе
Ишендим мээримиңдин кеңдигине
Кее бири ушак менен кооздоп жатат
А силер туура эмес дебегиле
Каралдым турмуш экен кандай кылам
Кайратым бекем бирок сынбай турам
Канчалар, какшык сөзүн жаадырса да
Түбөлүк махабатта жаным курман
УНУТ
Мен дагы жакшы көрөм, бирок болбойт,
Жүрөккө намысымда макул болбойт.
Билемин кыжаалатсың сүйгөнүңдөн,
Чын жагы жашообуз да чогуу болбойт.
Үнүмдү уккуң келип сагынсаң да,
Кагылып карааныма жалынсаңда.
Сендик мен, а сен мендик болбой калдык,
Канчалык чарк айланып табынсак да
Ыйлаарсың аны билем, мен ыйладым,
Чынында чечимимден эң кыйналдым.
Сүйүүдөн намысымды бийик койуп,
Алдыга кадам шилтеп ал жыйнадым.
Көзүңдү жум, унут ,мен да унуткам,
Көрүнбө, жазба дагы жан курутмам.
Эзбегиң, эзилгеним жетет менин,
Дарсы табылаардыр жай турмуштан.
Эгерде тоскоолдуктар болбогондо,
Жаныңда болоор элем түбөлүктүү.
Эркелеп,кээде сени эркелетип,
Жуп болуп жашаар элек өтө күчтүү.