ЖАСАЛМАСЫЗ ЖАН ДҮЙНӨНҮ СҮЙӨМҮН
Жасалмасыз жан дүйнөнү сүйөмүн,
Жүзүм жайнап жарык чача күлөмүн.
Ичим жылыйт, сулуу болсо дүйнөсү,
Кыялданып бүт Ааламды сүрөмүн.
Кынтыгы жок түптүз болсо сүйлөмү,
Кабыл алып кыдыргым бар дүйнөнү.
Чырайына чыгып турса сапаты,
Жакын көрөм чындыгында гүл өңдү.
Калпып алып каймактарын жашоонун,
Адамдар бар жосун алган кароонун.
Суктанамын ошондойду көргөндө,
Жакшылары бул дүйнөнү сактоонун.
Автор: Фарида Эркулова.
04.05.2023
ЖАКШЫ СӨЗГӨ МАКУЛМУН
Ооба, ооба жакшы сөзгө макулмун,
Жандап жүрсө сезимдүүгө жакынмын.
Айткан кеби ойлорумду муютса,
Болуп жаткан окуяда калысмын.
Жүргөн жерин күлкү менен агартса,
Жакынына жарык чачып жаркытса.
Күндө таңдан ак батасын багыштап,
Тартууласа, жүргүм келет жанында.
Көз кыйыгын салып анан сынаса,
Көрүп туруп көңүл үшүп сумсаям.
Кара ниет ич дүйнөсүн кирдетип,
Табалаган жүзүн көрүп тутулам.
Болсо дагы жакын тууган, сырдашың,
Калыс менен келет менин сырдашкым.
Жан дүйнөсү улуулукту сыйлаган,
Жатты дагы көздөп турат сыйлагым.
Автор: Фарида Эркулова.
18.04.2023
ТЕГИЗДИККЕ КЕЛЕТ МЕНИН СҮЙҮЛГҮМ
Жол издебейм жагыш үчүн жалтаңдап,
Бирок издейм саптарымда тактыкты.
Чындыгымдын үнү менен жашайм деп,
Өз өзүмө коюп жашайм чоң талап.
Кабагына карабаймын күнүмдүк,
Келтиремин учурума шүгүрлүк.
Жалгандарды жамачылап кантейин,
Ансыз деле өтөт, кетет тирүүлүк.
Жүзүм жарык чындыгында үнүмдүн,
Булак сындуу агып турат сүйүүм миң.
Адамзатты ылгабастан жакшы деп,
Тегиздикке келет менин сүйүлгүм.
Автор: Фарида Эркулова.
05.04.2023