1. «Бери жат,бери жат» дейт.
2. Бир-эки балалуу болгондон кийин «ары карап жатчы» дейт.
3. Беш-алты балалуу болгондон кийин «Ары жатчы» дейт.
4. Картайганда "Менден мурун көргө жат" дейт...
Көрсө биз эркектер көп жанылышат экенбиз, негизи аялдар бизди ойлойт экен. Себеби:
1. Алгачкы кезде "бери жат" дегени, күйөөсүнөн башка эч ким болбогондон кийин аны кучактап жылуулук издейт экен.
2. Бир-эки балалуу болгон соң, "ары карап жатчы" дегени, балдарын кучактап, мээрим төгүп жатат экен. Биз ага букадай болуп жер чапчып ачууланбашыбыз керек экен.))
3. "Ары жатчы" дегени, бала чака көбөйгөндөн кийин, алардан уялып айтат экен, анын үстүнө кээчке ошолордун түйшүгү менен жүрүп чарчайт экен.
4. Картайганда "менден мурун көргө жат" дегени. Менден мурун өл, тирүү болсом кир когумду жууп, тамак-ашымды бышырып өзүм эле карай алам. Мен өлүп калсам сага ким карайт деп сарсаана болушат экен.
Ушундай кырк жаны бар, ааламды терметкен кыргыз аялдарына алкыш айтамын!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев