Ит мурундун пайдалуу жактары
Аңкыган гүлү менен жаратылышка көрк берип, мөмөсү адамдардын организмин чыңаган ит мурун өсүмдүгүнө көп деле маани бербейбиз. Көптөгөн ооруларга дарылыгы бар өсүмдүктү табигый дармек деп да атап койсок болчудай.
Ит мурундун курамында: 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний бар. Ошондой эле B1, B2, PP, K, E жана C витаминдерин кездештирүүгө болот. Аталган жемиштин курамында C витамини карагаттыкынан 5-10 эсе, лимондукунан 40 эсе көбүрөөк.
Анын дарылык касиети: кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Ит мурундун мөмөсү аз кандуулук, боор жана бөйрөк ооруларына дары катары сунушталып келет. Ал заара чыгаруучу, дене табын түшүр