ЭСИМДЕ .....
Бала кезде үстүбүзгө жамынган көрпөлөрүбүз оор , жаздыктар да катуу болчу.
Бирок ошол кезде уйкубуз таттуу , тынч эле.
Убакыт өттү ....өстүк ....
Жамынган көрпөлөрүбүз жепжеңил , жаздыктарыбыз жумшак бирок турмуш үстүбүзгө бүт оордугун жүктөгөндөй .
Таттуу уйкубузду , жан дүйнө тынчтыгын жоготкондойбуз .
Бала кезде тандырдан нанды үзгөндө калып калган кытырагын тамшанып жечүбүз .... азыркы төгүлүп жайылып турган бай дасторкондон ошондогудай даамды сезбей келем .
Бала кезде мандарин , апельсин , банан жегениңиз сиздин деле эсиңизде жок чыгар , бирок ал кездеги кант кошулган чайдын деле укмуштай таттуу даамы бар болчу .
Жокчулуктун да барчылыктын да баркын