Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын органдарындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандарынан мүлк салыгы боюнча салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү учурунда опузалап жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алуунун коррупциялык механизмин уюштурган Чүй облусунун Москва районуна караштуу мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.
Козголгон кылмыш иштердин алкагында, Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору «У.П.А.» жана башкармалыктын аталган рейддик салык контролу бөлүмүнүн башкы инспектору «С.А.Б.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып жана ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарына кийин күбөлүк берүү боюнча, жана ошондой эле салыктык текшерүү жүргүзүү жана мүлк салыгы боюнча салык карызынын жоктугу жөнүндө маалым кат берүү боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн, КР «А.Д.А.» аттуу жаранынан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз түрдө талап кылган.
2023-жылдын 20-апрелинде бул адамдар опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алуу учурунда пара алып жаткан жеринен кармалган жана Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кылмыш ишинин алкагында бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
-------------------------------------
ГКНБ: Пресечена устойчивая коррупционная схема в налоговой системе
ГКНБ КР в ходе работы по демонтажу коррупционных механизмов и сокращению уровня системной коррупции в Государственной налоговой службе при Министерстве финансов КР возбуждено уголовное дело в отношении должностных лиц УГНС по Московскому району Чуйской области по факту организации коррупционной схемы, выраженной в содействии гражданам Кыргызской Республики в уклонении от уплаты налогов.
В рамках уголовного дела установлено, что старший инспектор отдела местных налоговых сборов и проверок УГНС Московского района Чуйской области «У.П.А.» и главный инспектор отдела рейдового налогового контроля «С.А.Б.» в корыстных целях, злоупотребляя должностным положением, превышая полномочия, вымогали у гражданки КР денежные средства в размере около 100 тыс. сомов за фальсификацию результатов налоговой проверки, сокрытие фактических доходов и выдачу справки об отсутствии налоговой задолженности по налогу на имущество для последующего предоставления справки в органы государственной регистрации прав на недвижимое имущество.
20 апреля 2023 года указанные лица были задержаны с поличным при получении части суммы от вымогаемой взятки и водворены в ИВС ГУВД г.Бишкек.
В рамках уголовного дела продолжаются соответствующие следственно-оперативные мероприятия, направленные на установление других должностных лиц причастных к указанным противоправным действиям.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев