УКМК: Салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын органдарындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандарынан мүлк салыгы боюнча салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү учурунда опузалап жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алуунун коррупциялык механизмин уюштурган Чүй облусунун Москва районуна караштуу мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Козголгон кылмыш иштердин алкагында, Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү
УКМК: Жумгал РИИБнин ага тергөөчүсү кызматтан убактылуу четтеди КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жумгал районунун ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, милициянын улук-лейтенанты «Т.Т.Т.» КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүмү (Алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен жеке материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жумгал районунун тургуну Ж.Б.А.га карата эч кандай негизсиз тергөө иш-чараларын мыйзамсыз жүргүзгөн, анын ичинде физикалык күч колдонуу жолу менен психологиялык кысым көрсөтүлгөн. Ыкчам-издөө иш-чар
УКМК: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулду УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына кире бериште 7 млн 500 миң сомдон ашык суммадагы товардык-материалдык баалуулуктарды тиешелүү жүк ташуу документтерисиз мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 млн сом өлчөмүндөгү милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй к
УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору жана ортомчу кармалды УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жаран башчылык кылган “А.К.” фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталып, салык төлөөчүнүн даттануусунун алкагында жогору турган салык органы тарабынан канааттандырылган. Өз кезегинде, компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнд
УКМК: 300 миллион сомдон ашык алтынды тиешелүү документтери жок алып келүү фактысына бөгөт коюлду КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирүүчү кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, 2023-жылдын 17-апрелинде “Ак-Жол” товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок, “JAC” үлгүсүндөгү автоунаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чараларынын
УКМК: “Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар чет элдик жарандар кармалды КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн Эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 17-апрелинде Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн, “Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар Өзбекстан Республикасынын жарандары М.З. жана М.Ф. кармалды. Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Бул факты боюнча Ош шаары