Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Бир дагы мектепте акча чогултуу болбосун деген президенттин жарлыгы бар. Акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечесине шылтоолоп акча чогултуп, эс алабыз, тоого барабыз дегендердин баарына тыюу салынган. "Балдарды алып барсаңар жоопкерчиликке тартыласыңар" деп мектеп жетекчилигине, ата-энелерге эскертип жатабыз. Түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Айрым мектептерде акча чогултуу болуп атыптыр. Кайсы мектеп боюнча маалымат түшсө, дароо жетекчилигине чалып токтотууга аракеттер көрүлүүдө", — деди Жапаров.
Ал бүтүрүү кечелерине акча чогултуу, кече уюштуруу сыяктуу учурлар болсо, министрликтин ишеним телефонуна (62 05 19) чалып коюуну өтүндү.
📌 Такталган жаңылыктарды биринчи болуп окуңуз. Sputnik агенттигинин Телеграм каналына жазылыңыз https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2